Биз социалдык тармакта

Индонезияда үлпөт тойдогу кортеж кырсыкка кабылды

Индонезиянын Ява аралында үлпөт тойдогу кортеж жол кырсыгына кабылып, 13 адам каза болду. Бул тууралуу "AP" агенттиги полицияга шилтеме берүү менен билдирди.

Кырсык 12-июлда Кияджаран Кулон айылынын жанында болгон. Пикап унаасындагы жүргүнчүлөр коңшу Пареан айылындагы үлпөт тойдон үйлөрүнө кайтып бара жатышкан.

Алдын ала маалыматтар боюнча, айдоочу артка кайрылуу үчүн токтогон учурда артынан жүк ташуучу унаа сүзгөн.

Кагылышуудан кийин пикап каршы тилкеге чыгып, ал жактан дагы бир жүк ташуучу унаа менен сүзүшкөн. Кырсыктан ондон ашуун адам каза болгон. Аман калган беш адам ар кандай деңгээлдеги жаракаттар менен ооруканага жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан