Дубайдын мураскер ханзаадасы Шейх Хамдан «үй кожойкеси» деген түшүнүктүн ордуна «муун куруучу» деген аталышты колдонууну быйылкы жылдын 21-мартында сунуштап, өзгөрткөн.
Анын айтымында, балдарды тарбиялоо жана үй-бүлөгө кам көрүү жөн гана күнүмдүк милдет эмес, коомдун келечегин калыптандырууга багытталган маанилүү эмгек.
Шейх Хамдан ата-энелер балдардын баалуулуктарын, мүнөзүн жана дүйнө таанымын түзүп, келечектеги муундун калыптанышына чоң салым кошорун белгилеген.
Аталган демилге коомчулукта энелердин жана үй-бүлөгө кам көргөн адамдардын ролуна болгон мамилени кайра кароо тууралуу бир катар талкууларды жараткан.