Бүгүн, 14-июлда АКШнын Куралдуу күчтөрүнүн Борбордук командачылыгы (CENTCOM) Ирандагы бир катар аскердик объекттерге сокку урулганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар маалымдашты.
Маалыматка ылайык, беш саатка созулган операциянын жүрүшүндө Бушер, Чабахар, Жаск, Конарек, Абу-Муса аралы жана Бендер-Аббас шаарларындагы аскердик объекттер бутага алынган.
"Беш сааттык миссиянын жүрүшүндө АКШ күчтөрү Иран боюнча бир катар аскердик объекттерге ийгиликтүү сокку урду",- деп айтылат CENTCOM'дун социалдык тармактагы расмий билдирүүсүндө.