Бүгүн, 14-июлда Япониянын маалымат каражаттары жүргүзүлгөн коомдук пикирди сурамжылоого таянып, өлкөнүн премьер-министри Санаэ Такаити жетектеген өкмөттү колдоо деңгээли төмөндөгөнүн жазышты.
Сурамжылоонун жыйынтыгына ылайык, өкмөттүн ишин колдогондордун саны өткөн айга салыштырмалуу 2 пайыздык пунктка азайып, 58 пайызды түзгөн. Ал эми өкмөттү жактырбагандардын көрсөткүчү 1 пунктка өсүп, 27 пайызга жеткен.
Сурамжылоо телефон аркылуу 3 күндүн ичинде жүргүзүлүп, ага 2898 адам катышкан. Алардын ичинен 1145 респондент жооп берген.