Социалдык тармактарда "Кемин-Ордо" комплексинин аймагында төө куштар талаптагыдай эмес шартта багылып жаткандыгы тууралуу
видео тараган.
Ага ылайык, Жаратылыш министрлигинен текшерүү жүргүзүлүп, белгиленген талаптардын бузулгандыгы аныкталган. Жыйынтыгында комплекстин ээлерине административдик чаралар көрүлүп, айып салынды.
Видеоматериал жарыялангандан кийин комплекстин ээлери аталган аймакты толугу менен тазалаган. Ошондой эле төө куштар жетиштүү өлчөмдө тоют менен камсыздалып, толук кандуу азыктандырыла баштаган.