Биз социалдык тармакта

Бангладеште 50дөн ашык адам суу ташкынынан каза болду

Бангладештин түштүк-батышындагы суу ташкынынын кесепетинен каза болгон жарандардын саны 54кө жетти. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.

Маалым болгондой, дагы 39 адам ар түрдүү оордукта жаракат алган.

Буга тынымсыз нөшөрлөп жааган муссон жамгырлары себеп болгон. Анын кесепетинен дарыялар жээгинен ашып, өлкөнүн 11 аймагын суу каптап, өзгөчө кырдаал жарыяланган. Мындан улам 40 миңден ашууна адам эвакуация болууга аргасыз болгон.

Куткаруучулар жана ыктыярчылар гуманитардык жардамдарды жеткирип жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан