Бүгүн, 14-июлда Киевдин тургундары шаардык мамлекеттик администрациянын имаратынын алдында коомдук транспорттогу жол киренин көтөрүлүшүнө каршы нааразычылык акциясын өткөрүштү. Бул тууралуу орусиялык басылмалар билдиришти.
Катышуучулар жол кирени кымбаттатуу чечимине мораторий киргизүүнү талап кылып, «Киевде жеткиликтүү жол кире болсун!» жана «Тарифтерди көтөрүүгө мораторий!» деген ураандарды көтөрүп чыгышты.
Буга чейин, 10-июлда Киевдин мэри Виталий Кличко 15-июлдан тарта шаардагы коомдук транспорттун жол киресин 8 гривенден 30 гривенге чейин көтөрүү тууралуу буйрукка кол койгон.
Шаар тургундары бул чечимди кайра карап чыгууну талап кылышууда.