КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев "2014-жылды Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылы деп жарыялоо жөнүндө" жарлыкка кол койду.
Жарлыктын тексти:
“Кыргыз мамлекеттүүлүгү эки миң жылдан ашык тарыхындагы татаал мезгилдеринин бирин баштан кечирип жатат. XX кылымда орун алган тагдыр чечүүчү окуялардын натыйжасында Кыргызстан эли өз алдынча мамлекет курууга дагы бир мүмкүнчүлүк алды. Тилекке каршы, эгемендүүлүктүн алгачкы жыйырма жылында тапканыбыздан жоготконубуз көп болду.
Коррупцияга батып, криминал менен биригип кеткен үй-бүлөлүк-кландык режимдин күч алышы мамлекеттик бийликтин кадыр-баркын кетирип, улуттук байлыктарды талап-тоноого жол ачты.
2009-жылы Кыргыз Республикасы КМШдагы эң жакыр өлкө болуп таанылган. Мамлекетке болгон жарандардын ишеними кескин төмөндөп, кыргыз мамлекетинин жөндөмсүздүгү жана мамлекеттин жок болуу коркунучунда тургандыгы жөнүндө ачык айтыла баштаган.
Апрель революциясы эл менен бийликтин ортосундагы ажырымды жок кылууга шарт түздү. Эл бийликтин булагы жана бийлик элдин кызыкчылыгы үчүн гана иштөөгө тийиш. Мына ушул негизги принциптерди эске алуу менен 2013-2017-жылдардын мезгилине КРны туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы иштелип чыкты.
Энергетикалык, транспорттук, азык-түлүк коопсуздугуна жетишүүгө багытталган маанилүү кадамдар жасалды. Чыныгы саясий атаандаштыктын негиздери түптөлдү. Жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндиги камсыз кылынды. Коррупцияга каршы күрөш, соттук жана аскердик реформа жүргүзүлүүдө. Таза шайлоолорду өткөрүү, коомчулук үчүн мамлекеттик органдарынын ишин ачык-айкын кылуу боюнча чечкиндүү кадамдар жасалды.
Эң негизгиси, мекендештерибиздин мамлекетке болгон мамилеси өзгөрүлүп жатат. Көптөгөн жарандарыбыз өзүнүн, балдарынын, мамлекетибиздин тагдыры үчүн жоопкерчиликти сезе баштады. Жарандык коом күч алып, жер-жерлерде ишин жандандырды. Мекенчилдик жана жарандык жоопкерчилик кадыресе көрүнүшкө айланды.
Натыйжада өлкөбүздө экономикалык өсүш байкала баштады. Инфляцияны эске алганда пенсионерлердин сатып алуу жөндөмдүүлүгү бир жарым эсеге, ал эми бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлеринин сатып алуу жөндөмдүүлүгү төрттөн бирге өстү. Пенсиянын орточо өлчөмү 2,1 эсеге, ал эми орточо эмгек акы 1,9 эсеге көбөйдү.
Жетишкендиктер менен гана чектелбей, аларды бекемдеп, улантуу милдети турат.
Кырдаал көрсөткөндөй, кайрадан түптөлүп жаткан кыргыз мамлекеттүүлүгү бир нече коркунучтарга дуушар болууда. Элдин жана мамлекеттик институттардын биримдигин бекемдөө, бийликке жарандардын ишенимин арттыруу биринчи кезектеги милдеттер экендигин учурда башка өлкөлөрдө болуп жаткан бөлүнүп-жарылуулар, куралдуу тирешүүлөр ачык далилдеп турат.
Бузуку күчтөрдүн саясатта келечеги жок болгону менен, алар Кыргызстанды өнүктүрүүгө жолтоо болору бышык. Себеби алардын колунда материалдык ресурстар бар жана жеке пайдасын көздөп, алар элибиздин тагдырына балта чабууга даяр.
Мамлекеттүүлүктү жана элибиздин биримдигин бекемдөөгө, мамлекетти жана өлкөдөгү саясий уюмдарды башкарууга жаңы адамдарды, айрыкча жаштарды тартуу, Кыргыз Республикасынын жарандарынын укуктук маданиятын көтөрүү боюнча чечкиндүү кадамдарды жасоого мезгил келип жетти. Тагдыр чечүүчү мезгилде мамлекеттүүлүктү бекемдөө үчүн жеке жоопкерчиликти күчөтүү, бардык күч-аракеттерди Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарына баш ийдирүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жетекчилеринин, мамлекеттик жана муниципалдык кызматчылардын негизги милдети болууга тийиш.
Элибизде биримдик жана ынтымак болсо, бардыгы колдон келет. Ар бир саясатчы жана ар бир жаран мекеним үчүн эмне иш кылдым жана Кыргызстанды өнүктүрүүгө кандай жардам бере алам деп өзүнөн сурашы керек. Кыргызстандыктардын активдүү жарандык позициясы гана кыйынчылыктарга жана сыноолорго туруштук берип, эгемендүү, күчтүү, жаңы Кыргызстанды курууга шарт түзөт.
Мамлекет башчы жарлыкка кол коюу менен бирге Жогорку Кеңешке жана өкмөткө мамлекеттүүлүктү бекемдөөгө багытталган мыйзам долбоорлорун тездетүү боюнча тапшырма берди. Мыйзамдарда аймактар жана этникалар аралык жана байланыштар, диний тармак менен саясий экстремизмди жоюу маселелери каралган. Мындан сырткары бир айдын ичинде мамлекеттүүлүктү бекемдөө жылына карата иш-чараларды өткөрүү үчүн жарандык коомдун өкүлдөрү менен комитет түзүүнү баса белгиледи.