Түркиянын Алания шаарында 13 жаштагы кыздын диний талапка ылайык жабык купальник (буркини) кийип бассейнге кирүүсүнө тоскоолдук кылган аял камакка алынды.
Маалыматка караганда, Аланиянын Махмутлар районундагы турак жай комплексинде менеджер болуп иштеген 64 жаштагы Людмила Инан кыздын бассейнге киришине каршы чыгып, анын жолун тоскон.
Кыз болгон окуя тууралуу туугандарына айтып бергенден кийин атасы полицияга кайрылган. Жандармерия кызматкерлери аялды кармап, суракка алышып, кийин соттун чечими менен ал камакка алынган.
Учурда Людмила айым иш боюнча соттун кийинки чечимин күтүп жатат.