Бүгүн, 15-июлда Япония Экинчи дүйнөлүк согуштан бери алгачкы жолу борборлоштурулган улуттук чалгындоо кызматын түзө баштаганы белгилүү болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, июль айынан тарта өлкөдө Улуттук чалгындоо бюросу иштеп баштайт. Ал маалыматтарды чогултуу жана талдоо менен алектенип, анын жетекчиси түздөн-түз премьер-министр Санаэ Такаитиге баш иет.
Буга чейин Япония негизинен АКШнын чалгын кызматтарынын маалыматына таянып келген. Жаңы түзүм өлкөнүн чалгындоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтүп, тыңчылыкка жана чет элдик кийлигишүүлөргө каршы аракеттенүүнү жакшыртууну көздөйт.