
АКШ менен Ирандын ортосундагы аскердик чыңалуу уланууда. Бул тууралуу бүгүн, 15-июлда чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Иран бийлигинин маалыматына ылайык, АКШнын соңку аба соккуларынан өлкөнүн беш провинциясында кеминде 14 адам каза болуп, ондогон адам жаракат алды. Чабуулдан порттор, темир жол көпүрөлөрү жана түштүк жээктеги бир катар инфраструктуралык объектилер жабыркаганы айтылды.
Өз кезегинде Иран АКШнын Бахрейн жана Кувейттеги аскердик базаларына жооп иретинде сокку урганын билдирди.
АКШнын Борбордук командачылыгы (CENTCOM) операциялар Ирандын Ормуз кысыгындагы кеме каттамына коркунуч жаратуу мүмкүнчүлүгүн азайтуу максатында жүргүзүлүп жатканын маалымдады.