
Талас дарыясына агып кеткен өспүрүмдү издөө иштери 23-июндан бери үзгүлтүксүз уланууда.
Учурда ӨКМдин, ИИМдин жана Чек ара кызматынын кызматкерлери тарабынан издөө-куткаруу иштери тынымсыз жүргүзүлүүдө.
Ага жергиликтүү тургундар да көмөк көрсөтүп, дарыянын жээги жана мүмкүн болгон аймактар кылдат текшерилип жатат.
Айта кетсек, 15 жаштагы бала 23-июндан бери изделип жатат. Издөө иштерине ӨКМ, милиция кызматкерлери, жергиликтүү тургундар тартылган. Тилекке каршы 27-июнда өспүрүмдү издөө маалында ӨКМдин бир суучулу
каза болгон.