Президент Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды

Бүгүн, 30-январда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев энергетика жана өнөр жай министри Осмонбек Артыкбаевди кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө министр мамлекет башчыга өлкөнүн энергетика системинин иши жана кыш  мезгилинде жылуулук берүү тууралуу маалымат берди. Ошондой эле Кыргызстандагы ири энергетикалык долбоорлорду  ишке ашыруунун жүрүшү боюнча кабарлады.

Президент Алмазбек Атамбаев министрге кыш мезгилин жакшы өткөрүү боюнча бардык керектүү чараларды көрүү милдетин  тапшырды. Мындан сырткары жакынкы күндөрү аба ырайынын өзгөрүшүнө байланыштуу калкты жылуулук жана электр энергиясы менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу керектигин  баса белгиледи.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан