Биз социалдык тармакта

Муфтий Абдулазиз Закиров Катар эмирине көңүл айтты

Муфтий Абдулазиз Закиров Катардын эмири Тамим бин Хамад Аль Таниге мурдагы эмир шейх Хамад бин Халифа Аль Танинин дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу көңүл айтты.
"Маркум шейх Хамад бин Халифа Аль Тани Катар мамлекетинин өнүгүп-өсүшүнө, ислам дүйнөсүндөгү ынтымактын бекемделишине жана эл аралык деңгээлдеги аброюнун жогорулашына зор салым кошкон көрүнүктүү мамлекеттик ишмер катары эсте калат. Анын даанышман жетекчилиги, элине болгон камкордугу жана кайрымдуулук иштери көпчүлүк үчүн үлгү болуп кала берет.
Кыргызстан мусулмандарынын атынан жана жеке өзүмдүн атымдан сизге, Аль Танинин үй-бүлөсүнө жана жалпы боордош катар элине терең көңүл айтып, аза кайгыңызды тең бөлүшөм",- деген муфтий.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан