Бүгүн, 16-июлда Кувейттин Куралдуу күчтөрү өлкөнүн абадан коргонуу системдери Ирандын бир нече учкучсуз аппараттарынын чабуулун токтотконун билдирди.
Кувейт армиясынын маалыматы боюнча, окуяга байланыштуу абадан коргонуу күчтөрү иш алып барууда. Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу сокку жасалганын ырастап, аны АКШ күчтөрүнө каршы багытталган жооп чарасы деп атады.
Маалыматка караганда, дрондордун бутасы Кувейттеги Али аль-Салем авиабазасындагы C-RAM радар системи жана америкалык аскерлер жайгашкан аймак болгон.