Биз социалдык тармакта

Иран АКШнын Кувейттеги аскер базасына сокку урду 

Ирандын аскерлери Кувейттеги америкалык аскерлерге жана аскердик техникаларга сокку урду. Бул тууралуу Fars агенттиги Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусуна таянып билдирген.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, анда Американын аскердик техникалары зыянга учураган.

"Кувейттеги Али аль-Салем базасында жайгашкан C-RAM абадан коргонуу системинин эрте эскертүүчү радары жана АКШ армиясынын аскерлери топтолгон жай биргелешкен чабуулга кабылды",- деп айтылат маалыматта.

Белгиленген буталар ракеталар жана согуштук дрондор аркылуу аткыланган.

Буга чейин, 16-июлда "Mehr" басылмасы америкалык аскерлер Ирандын Бендер-Аббас жана Сирик шаарларына, ошондой эле Кешм аралына чабуул койгонун жазган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан