Биз социалдык тармакта

Айга учкан СССРдин желеги аукциондо 102 миң долларга сатылды

Бүгүн, 16-июлда Sotheby’s аукцион үйүндө америкалык астронавт Базз Олдрин 1969-жылы "Аполлон-11" миссиясы учурунда Айга алып барган СССРдин кичинекей желеги сатылды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар маалымдашты.

Лоттун баасы 102,4 миң долларды түздү. Өлчөмү болжол менен 10х15 сантиметр болгон желек Олдриндин жеке буюмдарынын арасында "Колумбия" башкаруу модулунда болгон.

Sotheby’s маалыматы боюнча, астронавт советтик символду дипломатиялык ишарат катары жана Айга конуу адамзаттын жалпы жетишкендиги экенин көрсөтүү үчүн алып барган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан