Биз социалдык тармакта

Түркия Кара деңиздеги коопсуздукту камсыздоого даяр

Бүгүн, 16-июлда Түркия Украина боюнча тынчтык келишими түзүлгөндөн кийин Кара деңиздеги коопсуздукту камсыздоо механизмдерине катышууга даяр экенин айтты. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Хакан Фидан Киевдеги маалымат жыйынында билдирди.

"Өнөктөштөрүбүздүн тынчтык келишиминен кийин деңиздеги коопсуздукту камсыздоо боюнча сунушун кабыл алдык. Бул багытта белгилүү бир пландоо иштери жүрүп жатат",- деди министр.

Ал сунуш кайсы өлкөлөрдөн түшкөнүн тактаган жок. Украинадагы жаңжал башталгандан бери Түркия Москва менен Киевдин ортосунда ортомчу болуп, Кара деңиздеги коопсуздук боюнча демилгелерге катышып келет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан