Биз социалдык тармакта

Италияда сот имаратынын бир бөлүгү урап түштү

Италиянын Больцано шаарындагы жергиликтүү сот имаратынын 1920-жылдары курулган корпусу урап түштү. Бул тууралуу ANSA агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, имараттын болжол менен төрттөн бир бөлүгү кулап калган.

Больцано сотунун төрайымы Франческа Бортолоттинин айтымында, акыркы учурда имаратта оңдоо жана кеңейтүү иштери жүргүзүлүп жаткан.

Окуя болгон учурда имараттын ичинде кенже тейлөөчү 3 кызматкер аял болгон. Алардын бири жеңил жаракат алган. Адистер кырсыктын себептерин аныктоо иштерин жүргүзүшүүдө.

Италияда сот имаратынын бир бөлүгү урап калды 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан