Норвегиянын Футбол федерациясы 2026-жылкы футбол боюнча Дүйнө чемпиондугунун тандоо турунда Израилге каршы беттештен түшкөн кирешени жана кошумча өз каражаттарын Газага жардам катары бөлдү.
Спорт басылмалары билдиргендей, федерация беттештен түшкөн таза кирешеге дагы 1 миллион норвег кронун кошуп, кийин бул демилгени анонимдүү жеке демөөрчү дагы 3 миллион крон менен колдоду.
Жыйынтыгында "Чек арасыз дарыгерлер" уюмуна Газадагы гуманитардык программаларды колдоо үчүн жалпысынан 4,5 миллион норвег кронасы же 400 миң евродон ашык каражат которулду. Болжолдуу 40 миллион сомду түзөт.