Кечээ, 16-июлда Шанхайда жасалма интеллект боюнча дүйнөлүк кызматташтык уюмун (WAICO) түзүү тууралуу келишимге Кытай менен Пакистан кол коюшту. Бул тууралуу кытайлык маалымат каражаттары билдиришти.
Пакистандын вице-премьери жана тышкы иштер министри Мохаммад Исхак Дар бул демилгени "мыкты кадам" деп баалап, Кытай менен жасалма интеллект тармагындагы кызматташтыкты бекемдөөгө кызыкдар экенин айткан.
Кытайдын тышкы иштер министри Ван И WAICO уюму эл аралык кызматташтыкты күчөтүп, өлкөлөргө жасалма интеллектти өнүктүрүүдө бирдей мүмкүнчүлүктөрдү түзүүгө багытталганын маалымдаган.
Жаңы түзүлгөн уюм жасалма интеллект жаатындагы тажрыйба алмашууну жана биргелешкен долбоорлорду өнүктүрүүнү көздөйт.