Биз социалдык тармакта

Казакстан буудай импортуна алты айлык чектөө киргизди

Казакстан 27-июлдан тартып буудай импортуна жарым-жартылай тыюу салат. Тиешелүү буйрукка өлкөнүн айыл чарба министри Айдарбек Сапаров кол койгон.

Жаңы чечимге ылайык, үчүнчү өлкөлөрдөн жана ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден буудайды автоунаа, суу жана темир жол аркылуу алып кирүүгө тыюу салынат.

Ошол эле учурда лицензияланган канаттуулар фабрикаларына, данды кайра иштетүүчү ишканаларга, элеваторлорго жана мамлекеттик "Азык-түлүк келишим корпорациясына" темир жол аркылуу буудай импорттоого уруксат берилет. Бирок мындай буудайды ички же тышкы рынокто сатууга болбойт.

Министрлик бул чара жаңы түшүмдү кабыл алууга камылга көрүү, кампалардагы эски дан запастарын азайтуу максатында кабыл алынганын билдирет. Ошондой эле ички дан рыногун колдоого жардам берет деп эсептейт.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан