Бишкек шаарындагы массалык түрдө жарыктын өчүшүнө 220 киловольт чыңалуудагы "Кара-Балта – Главная" жана "Главная – Шу" электр берүү линияларынынын авариялык өчүшү себеп болгон. Маалыматты Энергетика министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.
Маалымдалгандай, натыйжада электр жүгүн автоматтык түрдө өчүрүүчү системдик автоматика ишке кирген. Учурда калыбына келтирүү иштери жүргүзүлүүдө.
Айта кетсек, бүгүн 17-июлда түштөн кийин борбор калаада электр энергиясы массалык түрдө үзгүлтүккө учураган.