Бүгүн, 17-июлда Бишкек шаарында жана Чүй облусунда электр энергиясы массалык түрдө өчтү.
Социалдык тармактардын колдонуучулары билдиришкендей, электр энергиясы үзгүлтүккө учурап жатат.
Мындан тышкары, Нарын шаарында да электр жарыгы өчкөнүн билдиришүүдө.
Учурда электр энергиясынын өчүшүнүн себептери боюнча расмий маалымат бериле элек.