Бишкекте электр энергиясынын авариялык өчүрүлүшүнө байланыштуу суу алуучу курулмалардын иши убактылуу токтотулуп, анын кесепетинен суу берүү үзгүлтүккө учурады. Бул тууралу кала мэриясы билдирүү таратты.
Электр энергиясы калыбына келтирилгенден кийин суу менен камсыздоо этап-этабы менен жандандырылат.
Учурда «Бишкексууканал» муниципалдык ишканасынын адистери жабдууларды кезеги менен пайдаланууга берүүдө.
Саат 15:30га карата суу алуучу объектилерде электр энергиясы акырындык менен калыбына келтирилип, адистер ишке киришти.