Өзбекстанда аптаптуу ысыкка байланыштуу айрым аймактарда электр энергиясы убактылуу өчүрүлө баштады. Бул тууралуу өлкөнүн Энергетика министрлиги билдиргенин жергиликтүү басылмалар жазышууда.
Маалыматка ылайык, электр тармагына күч келгендиктен, ири авариялардын алдын алуу максатында айрым райондордо электр энергиясы эки саатка чейин убактылуу өчүрүлүүдө. Министрлик мындай чара ысыктан улам кондиционерлер жана башка электр жабдуулары массалык түрдө колдонулуп жаткандыктан көрүлүп жатканын белгиледи.
Эскерте кетсек, бүгүн, 17-июлда Бишкекте электр энергиясы массалык түрдө өчтү. Мындай жагдай өлкөнүн башка аймактарында да орун алды.