“Кумтөрдөн” 3 миллион доллар доолаган жети-өгүздүк Б.Курманов менен Э.Жунушбаевди прокурор 9-12 жылга эркинен ажыратууну сурады

“Кумтөрдүн” өкүлүнөн 3 миллион доллар талап кылган Жети-Өгүз районунун тургундары Бактияр Курманов менен Эрмек Жунушбаевди 9-12-жылга чейин эркинен ажыратуу суралды. Мындай мөөнөттү бүгүн, 30-январда Бишкектин Биринчи Май райондук сотундагы отурумда прокурор Талант Раимбеков сурады.

Соттук териштирүүдө айыпталуучулардын күнөөсү толук далилденгени айтылды.

Курмановду 12 жылга, Жунушбаевди 9 жылга эркинен ажыратып, үй-мүлкүн конфискациялоо сунушталып жатат.

Эскерте кетсек, 2013-жылдын 29-ноябрында УКМК аталган адамдардын “Кумтөрдүн” өкүлү Дуглас Гриер менен болгон сүйлөшүүсү жашыруун тартылган видеотасманы коомчулукка жарыялаган. Тасмада азыркы айыпталып жаткандардын Гриерден 3 миллион доллар талап кылганы көрсөтүлөт. Бул факты боюнча 29-августта кылмыш иши козголуп, айыпталгандар СИЗОго киргизилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан