Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады

Алмазбек Атамбаев Өзбекстандын президенти Ислам Каримовду туулган күнү менен куттуктады. Бул тууралуу бүгүн, 30-январда президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Куттуктоонун тексти:

“Урматтуу Ислам Абдуганиевич! Туулган күнүңүз менен  чын жүрөктөн куттуктайм.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы салттуу достук мамилелер өлкөлөрүбүздүн элдеринин жыргалчылыгы үчүн  өз ара түшүнүшүү жана конструктивдүү кызматташуу маанайында мындан ары да жакшы өнүгүп, тереңдей берерине ишенем.

Ушул мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге чың ден соолук, бакубатчылык жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди каалайм!" 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан