Франциянын чабуулчусу Килиан Мбаппе Дүйнө чемпиондугунда эң көп гол киргизген оюнчу болду. Ал сегиз беттеште 10 гол киргизип, 4 голдук пас берди. Муну менен ал 2026-жылдагы Дүйнө биринчилигинин "Алтын бутсасын" жеңип алды.
"Күмүш бутса" Аргентина курамасынын чабуулчусу Лионель Мессиге ыйгарылды. Ал 8 беттеште 8 гол киргизип, 4 голдук пас берди.
Айта кетсек, Мбаппе тарыхта Дүйнө чемпиондугунда эки жолу (2022 жана 2026) эң мыкты бомбардир болгон биринчи оюнчу болуп калды.