Кечээ, 19-июлда Ирандын батыш аймагында 2 жер титирөө катталды. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалымака ылайык, алгач Хормозган провинциясында күчү 3,7 балл болгон жер титирөө, кийин Хузестан провинциясынын Саленд аймагында күчү 5 баллга жеткен силкинүү болгон.
Жер титирөө Андимешк, Шуш жана Ахваз шаарларында дагы сезилген. Ошондой эле Саленд аймагында күчү 4,0 балл болгон экинчи силкинүү катталган.