Биз социалдык тармакта

Индияда селден 19 адам каза болду (видео)

Кечээ, 19-июлда Индиянын бир катар аймактарында катуу жаандан улам капыстан сел жана жер көчкү жүрүп, кеминде 19 адам каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк маалымат каражаттары билдиришти.

Өлкөнүн түндүк-чыгышындагы Нагаленд штатында 8 адам каза болуп, 15 адам жаракат алды. Ал эми Жамму жана Кашмир аймактарында дагы 11 адамдын өмүрү кыйылды. Мындан тышкары, аскер кызматкерлери 11 адамды, анын ичинде 5 баланы куткарып калууга жетишкен.

Нөшөрлүү жаан-чачындын уланышына байланыштуу бийлик Амарнатх жана Вайшно Деви ыйык жайларына жыл сайын уюштурулуучу зыяратты убактылуу токтотуп, өзгөчө кырдаал жарыяланды. Куткаруу иштери уланууда.

Индияда селден 19 адам каза болду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан