Бишкекте автобус катышкан жол кырсыгы боюнча кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында кадрдык чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу борбор калаанын мэриясы кабарлады.
Маалымдалгандай, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы калаа башчысы Айбек Жунушалиевдин төрагалыгы алдында каралган. Жунушалиев негизги милдет күнөөлүү адамдарды жоопкерчиликке тартуу менен гана чектелбестен, кырсыктын келип чыгышына өбөлгө болгон системдик себептерди аныктап, аларды жоюу экенин баса белгилеген.
Жыйынтыгында мэрдин орун басары Рамиз Алиевге жана транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланган. Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков жана "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулган.