Бишкекте эл ташыган автобус 9 жаштагы баланы сүзүп кетти. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынан билдирди.
Кырсык бүгүн саат 09:00 чамасында Жаш Гвардия бульвары жана Рыскулов көчөсүнүн кесилишинде катталган. Автобус баланы жөө адамдар өтүүчү тилкеден сүзүп кеткен.
Өспүрүм ооруканага жеткирилип, тиешелүү соттук экспертизалар дайындалды. Автобус атайын айып короого токтотулуп, тергөө иштери улантылууда.
Буга чейин автобус 9 жаштагы баланы тебелеп кеткенин жазганбыз.