Интернетке Ош шаарынын мэрин шайлоонун мыйзам бузуу менен өткөнү тартылган видео чыкты

Интернетке 15-январда Ош шаарынын мэрин шайлоонун мыйзам бузуу менен өткөнү тартылган видео жарыяланды. Анда Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалициянын депутаттары ар бир депутаттын кимге добуш бергенин текшерип турганы тартылган. Тасма коомчулукта талкуу жаратып жатат.
Эскерте кетсек, мэр шайлоодо 25 депутаттын добушун алуу менен коалициялык көпчүлүктүн талапкери Айтмамат Кадырбаев жеңүүчү болгон. Мындан кийин Мелис Мырзакматов түзгөн "Улуттар биримдиги" партиясы шайлоонун мыйзамсыз өткөнүн айтып Жогорку Сотко арыз берген. БШКнын экс-башчысы Акылбек Сариев соттун чечими чыкканча жаңы мэр ишин баштабай турушу керектигин бүгүн, 30-январда билдирди. 
Ал эми БШКнын өкүлү Мырзабек Аргымбаев Ош шаарынын мэри учурда мыйзам боюнча эле иштеп жатканын айтат. 
Ош шаардык мэриясын 2014-ж шайлоодогу кетирген чоң кемчилдиктер!!!
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан