Бүгүн, 30-январда маалымат жыйында “Тилектештик” борборунун жетекчиси Станислав Ченюх өзүнө айтылып жаткан айыптардан актана баштаганда Эркин профсоюздар конфедерациясынын мүчөсү Нурлан Асанов анын сөзүн бөлүп, коркутуу боюнча суроо узатты. Ченюх: “Асанов менен Дүйшөнбеков мырзалар мени туура эмес түшүнүп калышты. Мен Медет Садыркулов жөнүндө макалалардан окуп гана билем. Мен ушул чуу жараткан өлтүрүүгө кызыкчылыгымды гана билдиргем. Болгону ошол”, - деп жооп берди.
Эскертек кетсек, 28-январда Нурлан Асанов: “АКШдан келген агент бизди "Медет Садыркуловдой өлтүрүп салабыз" деп коркутууда” деп айткан болчу.