“Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында тажик тараптын миномёт колдонушу эл аралык нормаларга каршы келет жана түпкү маңызында бул аракет биздин мамлекетке кол салуу”,- деп билдирди КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков. Депутат бүгүн, 30-январда парламентте журналисттердин суроолоруна жооп берди.
Айтымында, бул аракети үчүн Тажикстан жоопкерчиликти моюнга алышы керек.
“Бүгүнкү күндө бийликтин алдындагы негизги маселелердин бири – чек ара аймагындагы жашоочулардын социалдык-экономикалык көйгөйлөрүн чечүү. Жолдорду куруу, таза суу менен камсыз кылуу, чек ара бекеттеринин материалдык базасын чыңдоо зарыл”,- дейт Турсунбеков.
Эскерте кетсек, парламентте бүгүн Баткендеги чек ара көйгөйү талкууланган өкмөттүк күн өтүп жатат.