Биз социалдык тармакта

Египетте жаш жигит каналга түшүп кеткен үй-бүлөнү куткарды (видео)

Кечээ, 20-июлда Египеттин Танта шаарында жеңил унаа каналга түшүп кеткен. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып, окуя тартылган видео социалдык тармактарда тараган.

Видеодо көрүнгөндөй, окуяга күбө болгон жигит дароо жардамга чуркап, унаанын алдыңкы айнегин сындырып, ичиндеги адамдарды сыртка чыгарууга аракет кылган.

Анын жардамы менен бир үй-бүлө аман калып, алар текшерүүдөн өтүү үчүн ооруканага жеткирилген.

Интернет колдонуучулары жигиттин кайраттуулугун жогору баалап, аны сыйлыкка көрсөтүүнү сунуштап жатышат.

Египетте жаш жигит каналга түшүп кеткен үй-бүлөнү куткарды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан