Биз социалдык тармакта

Дагы бир ийгилик: Дамира Шарипбекова Ленин чокусун багындырды (видео)

Кечээ, 20-июлда кыргызстандык альпинист Дамира Шарипбекова бийиктиги 7134 метр болгон Ленин чокусун багындырды. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков билдирди.

Белгилүү болгондой, Шарипбекова буга чейин агасына боорунун 70 пайызын берип, донор болгон. Операциядан кийин ден соолугун калыбына келтирип, кайрадан альпинизмге кайтып келип, бийик чокуну багындырды. Ал бул жеңишин апасына арнаганын айтты.

Дамира Шарипбекова "Из калтыр" тобунун мүчөсү. Аны командадагылар кайраттуу жана максатка умтулган спортчу катары белгилешет.

Дагы бир ийгилик: Дамира Шарипбекова Ленин чокусун багындырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан