Израил учурда АКШ менен Ирандын ортосундагы жаңжалга кошулууга кызыкдар эмес. Бул тууралуу өлкөнүн каржы министри Бецалель Смотрич билдиргендигин чет элдик басылмалар жазды.
Анын айтымында, азыркы кырдаал Израил үчүн пайдалуу болгондуктан, өлкө бул кагылышууга аралашууну каалабайт.
“Учурда Израил мамлекети бул кампанияга (АКШ менен Ирандын өз ара соккуларына) кошулууга кызыкдар эмес. Бирок окуялар кандай нукта өнүкпөсүн, биз бардык сценарийге даярбыз”, - деди Смотрич.