2013-жылы Кыргызстанда токой чарбалары тарабынан 1128 гектар аянтка көчөт тигилген. Бул туурасында өкмөткө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттиктен билдиришти.
Маалыматка караганда, айыл аймактарына 1,35 миллион даана көчөт берилген. Ошондой эле 152 калктуу конушта, 133 айыл аймагында, 138 оорукана жана мектептерде, 272 бала бакчаларда, 8 паркта, 2 эстелик бактары, 2 сквер, 1 аллеяда жашылдандыруу иштери жүргүзүлгөн.