Ош шаардык кеңешинде бүгүн, 30-январда шаардык кеңештин төрагасы Улан Примовдун жетекчилиги астында президиумдун жыйыны болуп өттү. Жыйында кезексиз сессияны өткөрүү маселеси жана анын күн тартибинин долбоору каралды.
Талкуунун жыйынтыгында 5-февралда сессия өткөрүү жөнүндө чечим кабыл алынды.
Сессиянын күн тартибинде каралчу негизги маселе - 2014-жылга шаардык бюджетти бекитүү. Мындан тышкары бир катар маселелерди кароо пландалып жатат, анын ичинен ушул жылга карата шаардык кеңештин иш планын бекитүү жана шаардык кеңештин регламентине өзгөртүүлөрдү киргизүү жана башка маселелер бар.