Өткөн жылы аңчылык эрежелерин бузгандардан 48 даана мергенчилик куралы алынды. Алардын 6сы тиешелүү документтер такталгандан кийин ээсине кайтарылып берилген. Калган куралдар Ички иштер министрлигине тапшырылган. Бул туурасында КРнын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттигинин отчётунда көрсөтүлгөн.
Маалыматка караганда, 2013-жылы 710 аңчылык эрежелери бузулуп, аларга жалпысынан 3 миллион сомго жакын айып салынган.