Жалал-Абад облусунда 2013-жылы 445 жетекчи административдик жоопко тартылган. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, жалпысынан жетекчилерге 1 миллион 177 миң сом өлчөмүндө айып пул салынган. Алар “мамлекеттик сатып алуулар”, “жарандардын кайрылуусун карап чыгуу” жана “укуктук нормативдик актыларды бузуу” беренелери менен айыпталышкан.
Жалал-Абад облустук прокуратурасы мамлекеттик органдарда текшерүү жүргүзүп, жогорудагы эреже бузуулар кайталанса, жетекчилер кызматтан бошотулушат.