Жогорку Кеңештин депутаты Бактыбек Калмаматов бүгүн, 30-январда өзүнүн интернет баракчасынан “чек ара маселеси өкмөттүн эң башкы түйшүгү болууга тийиш”,- деп билдирди. Айта кетсек, учурда парламентте Баткендеги чек ара көйгөйү боюнча өкмөттүк күн өтүп жатат.
“Өкмөттүн жоопторуна караганда чек ара маселеси жакынкы күндөрдө чечилчүдөй эмес. Башкача айтканда, “баягы, баягы, койчумандын таягы” деген тариздеги жоопторунан башка эч нерсе жок. Премьер-министр “сүйлөшүүлөр жүрүп жатат, оор болууда. Коңшу мамлекеттер биз менен сүйлөшпөй жатат” дейт. Өкмөт кырдаалга толук баа бере албай жатат”,- деди Калмаматов.