Кыргызстандын Германиядагы элчиси Өмүрбек Текебаев Бремен шаарына барып, жайкы мезгилдик жумушка барган кыргызстандык студенттер менен жеринен жолукту.
Анын айтымында, немис тарап менен жүргүзүлгөн сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында келишимде көрсөтүлгөн жана көрсөтүлбөгөн бир катар маселелер боюнча оң жыйынтыктарга жетишилди.
Ошондой эле студенттер 28 календардык күнгө гана кепилдик берилген эмгек келишимдерине кол коюшканы такталды. Буга карабастан, немис тарап аларга жаңы жумуш орундарын табууга аракет көрөрүн билдирген.
"Эң башкысы – балдарыбыз аман-эсен ата-энелеринин алдына кайтып барышы керек. Биз бул маселени аягына чейин көзөмөлдөп, студенттерибиздин мыйзамдуу укуктарынын сакталышы үчүн ишибизди улантабыз",- деди Текебаев.