Социалдык тармактарда Германияда жүргөн 150гө жакын кыргызстандык жаштар оор абалга туш келишкени боюнча видео тарап жатат. Маалыматка караганда, алар жайкы үч айлык каникулда жумушка жеке фирма аркылуу барып, ар бири 55 миң сомдон төлөгөн. Жагымсыз жагдайга кабылгандар 18-19 жаштагы кыздар экендиги айтылууда.
Видеодо айтылгандай, студенттер 25-июлда жумуштан, 27-июлда жатаканадан чыгарылышы мүмкүн. Коомчулук мамлекеттик органдарды кырдаалга көңүл буруп, студенттерге жардам көрсөтүүгө жана чет өлкөгө жарандарды жөнөткөн жеке фирмалардын ишмердүүлүгүн текшерүүгө чакырууда.
Окуянын себеби азырынча белгисиз жана расмий органдар тарабынан тастыктала элек.
Видео: Медиса Жокиева