2013-жылы табиятты коруу багытына Республикалык жаратылышты коргоо жана токой чарбаны өнүктүрүү фондунан 151 миллион 739, миң сом бөлүнгөн. Бул тууралуу КРнын Мамлекеттик айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарба агенттигинин отчётунда көрсөтүлгөн.
Бөлүнгөн каражаттар жаратылыштагы жоготуулардын ордун кайра калыбына келтирүү, биологиялык ар түрдүүлүктү сактоо, токой экосистемин жана ушул тармакты өнүктүрүүгө сарпталган.