Жогорку Кеңеште бүгүн, 30-январда Баткендеги чек ара чатагы боюнча өкмөттүк күн өтүүдө. Депутат Айнуру Алтыбаеванын билдиришинче, жыйында ар бир фракциядан 3төн депутатка сөз берип, анан маселени жыйынтыктоо сунушу айтылып колдоо таппай калды. “Отурум уланып жатат, менимче маселе иш күнүнүн аягына чейин каралат”,- деди Алтыбаева.
Айта кетсек, жыйын жабык эшик артында өтүүдө.