Катты Тышкы иштер министрлигинин Үрүмчү шаарындагы Визалык бөлүмүнүн башчысы Сулайман Примкулов Синьцзян автономиялык районунун Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунда жашаган манасчыга өзү тапшырды.
“Президент А.Атамбаевдин каты белгилүү манасчы Жусуп Мамайга оозеки окулду. Салтанаттуу аземге Кызыл-Суу кыргыз автономдуу облусунун Акчий айылынын расмий өкүлдөрү жана манасчынын жакын туугандары, балдары, неберелери катышты. Салтанаттуу аземдин соңунда Жусуп Мамай бүткүл кыргыз элине жана президентке өзүнүн ак батасын берип, жалпы журтка ынтымак каалады”,- деп билдирет ТИМ.