КРнын Жогорку Кеңешинин депутаттары Баткен облусунун чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалы боюнча конкреттүү маселелерди коюуда. Бул тууралуу ЖКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эл өкүлдөрү кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселесин чечүүнү талап кылышууда. Депутаттардын айтымында, чек ара маселелеринен кийинки олуттуу маселелер – көз карандысыз жолдорду салуу, жергиликтүү калкты таза суу жана сугат суу менен камсыздоо болуп саналат.
Өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн орун басары Бакир Жолчиев жолдор боюнча өткөн жылы өкмөт тарабынан 350 миллион сом бөлүнүп, белгилүү бир натыйжалар болуп жаткандыгын айтып өттү. Натыйжада Бөжөй – Бел-Сөгөт жана Согмент – Чарбак - Кара-Булак жолдору бүткөрүлгөн. Ошондой эле жолдор Советтер Союзу учурунан бери чечилбей келгенин кошумчалады. Мындан сырткары курулуш жүрүп жаткан жолдор аягына чыгарыларын белгилеп өттү.
Белгилей кетсек, бүгүн, 30-январда Жогорку Кеңеште "өкмөттүк күн" өткөрүлүп, республиканын чек ара аймактарынын социалдык-экономикалык абалы жөнүндө КРнын Өкмөтүнүн маалыматы угулуп жатат. Жыйынга КРнын Премьер-министри Жантөрө Сатыбалдиев жана өкмөт мүчөлөрү, мамлекеттик органдар менен мекемелердин жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда.